Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Примов статистикалык комитет берген маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келе турганын сурады.
“Статистика комитети өздөрү берген маалыматка ишенеби? Маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?” - деп депутат Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрүнөн сурады.
Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев берилген маалыматтар туура экенин айтты.
Примов: “Башка мамлекеттегилер, эл аралык уюмдар биздин статистиканы карап иш жүргүзүшөт. Ошондуктан көп маселе статистикага көз каранды. Маалыматтар туура, так берилиши зарыл”, - дейт.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында статистика боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.