Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы жылдык балатысынын чырактары жандырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 25 метрлик балатыны жасалгалоо иштери аягына чыгып, бүгүн кечинде расмий түрдө жандырылат.
Балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүзгөн. Балаты 350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянда, 240 метр болгон мишура менен кооздолгон.
Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Ал "Кышкы жомок" деп аталат.
Балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери 22-ноябрда башталган.