"Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын чырактарын жандыруу концерттин коштоосунда өттү (видео)

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын жарыгы жандырылды.

Шаар тургундары "Ала-Тоо" аянтынын кооздугуна күбө болушууда. Борбордук аянтта салтанаттуу чакан концерт өтүп жатат.

Балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүздү. Балаты 350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянда, 240 метр болгон мишура менен кооздолгон. Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Ал "Кышкы жомок" деп аталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azi81
2018-12-10 18:58:08
Жаны жыл башталдыбы
0
zhaku2017
2018-12-10 19:14:14
Эн жакшы. Эми жаны жылды ойдогудай тоскула.
+1
defne15
2018-12-10 20:13:50
Жакшы.
+1
defne15
2018-12-10 20:13:59
жакшы
+1
Tuki110592
2018-12-10 20:23:54
Жалан ЖакшЫ деген созду биринчи угуп атам быйылкысы анча болбой калыптыр го деп нараазы болуп атышат болуш керек дегем коментариилерде
+1
Kairat1996
2018-12-10 20:38:35
Эми эмне дейбиз. Жаны жыл - бул адамдын экинчи туулган куну - деп айтып коюшат экен. Туулган кунубузду кандай белгилесек, Жаны жылды да ошондой тозгонго тура келет. Себеби адамдын жашоосундагы окуялар, коомдо, дуйнодо болгон окуялар ушул жыл менен эсептелинип тарых барактарына жазылып калат экен. Ошондуктан ушул жылды жакшы тосуп, жашообуздун жаны барактарын жакшы ой менен ачалы.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан