СУПЕРСТАН: "Айылда жашаган жакшыбы же шаардабы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айылда жашаган жакшыбы же шаардабы?" деген тема талкууга алынган.

Анда автор: "Мен айылда эле жашайм. Бирок шаарда жашагым келет. Ал эми шаардык тааныштардан сурасам, алар айылдын жашоосун самашат экен. Айткылачы, айылда жашагыңар келеби же шаар жашоосун жактырасыңарбы?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Айылга эмне жетсин. Убагында шаарда жашасам дегенде эки көзүм төрт болчу. Азыр шаардан тажап, айылда тынч жашоону каалап жатам".

- "Айылды жаман дебейм. Анткени айылдын көчөлөрүн таптап, айран-сүт ичип эле чоңойгон кызмын. Ыңгайы келсе, айылда деле жашай берем. Шаарда жашагандын да оң жана терс жактары бар. Оң жактары: өзүң менен өзүңсүң, ушак айыңдан алыс. Көпчүлүгү иштегендиктен ар ким өз иши менен алек. Кудай сактасын, ооруп калсаң же балдар тумоолоп калса, ооруканаларга тез алып бара аласың. Терс жагы - абанын күндөн-күнгө булганышы. Ууру, каракчы, бандиттердин баары шаарда жойлоп жүрүшкөндүгү. "Башка түшсө байтал жорго" деген бар го, адамдар бардык жерге ыңгайлашып кете берет. Чөлгө алып барып койсо, ал жактан деле эбин таап кетишсе керек".

- "Мен үчүн сүйгөн адамым жанымда болуп, үйдө бардык шарт (байланыш, интернет) болсо, токойдо да жашаганга ыраазымын. Кайсы жерде ырыскы болсо, ошол жерде жашап жүрө беребиз".

- "Шаарда жашаган жакшыраак. Көптү көрөсүң. Ар дайым изденүүнүн үстүндө болгон, алдыга карай умтулган адамдар шаарга качат. Себеби шаарда бардык шарт бар. Маалымат көп. Ал эми айылда жашаган жакшы дегендер "курсак ток болсо, кам жок болсо болду" деген адамдар. Таза аба, таза суу ичкенине кубанып жүрө беришет".

- "Жымыңдаган жылдыздарды санап, алардын учканын карап, түнкү караңгылыкты жарып учак учуп баратса, ичиндеги адамдарга "аалам кезип жүрөт" деп суктанчумун. Мына эми айылымдын караанына зармын. Айылдын жайкы түнүн көрбөгөнүмө он жылга жакындап баратат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aika talantbekova
2022-10-31 08:20:00
Шаарда жашагым келет балдардын келечегине жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан