Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жалпы билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жөнүндө маселе каралып жатат.
Депутат Евгения Строкова китептеги каталар тууралуу маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатканын айтты. "Мындай маселе жаралгандан улам билим берүү жана илим министрин жана башка тийиштүү кызматкерлерди чакырып маалымат угууну туура көрдүк. Анткени айрым жарандар бул маселеге депутаттар көңүл бурбай жатат деп нааразы болушууда", - дейт депутат.
Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканы Ырыскүл Токторова мектептеги 6-класстын география китебинде одоно каталар кеткенин билдирди. "Бул боюнча 2 жылдан бери айтып келгенбиз. Эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Орусча менен кыргызча география китептерин салыштырып, карап көрсөңүздөр, айырмасы чоң. Терминдер туура эмес которулган. Мектеп окуучуларына туура эмес билим берген болбойт", - деди Токторова.