Борбор калаадагы жаңы жылдык маанай же жасалма балатылардын баасы

Жаш балдар жана чоңдор да күткөн Жаңы жылга 20 күн калды. Бишкек шаарындагы чоң дүкөн жана базарларда тургундардын табитине жана капчыгына жараша ар түрдүү майрамдык атрибуттар декабрь айынын башынан тарта сатыкка чыкты.

Жасалма балатылардын түрү, аны кооздоочу оюнчуктар, жалтырактар акырындык менен шаар ичиндеги дүкөн жана базарларды каптап келе жатат. Мындан улам дүкөн жана базарлардагы бааларга саресеп салып көрдүк:

Дүкөндөгү балатылардын баасы 1 миң 37 сомдон башталып 2 миң 631 сомго чейин болсо, базарда эң кичинекей жасалма балатынын баасы 250 сомдон башталып 2 миң 500 сомго чейин жетүүдө.

Балатыны кооздоочу оюнчуктардын баасы базарда 1 даанасы 10 сомдон жогору, ал эми бир кутусу 80 сомдон жогору болсо, дүкөндөрдө 135 сомдон 700-800 сомго чейин бааланууда.

Түстүү жарык берген гирляндалардын баасы 150 сомдон 700 сомго чейин бааланса, мишуралардын баасы 30 сомдон 350 сомго чейин болууда.

Белгилей кетсек 10-декабрдан баштап Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды.

Ошондой эле 20-24-декабрь аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жана 21-23-декабрда Курманжан Датка эстелигинин алдында жаңы жылга карата жарманкелер уюштурулат. Бул жарманкелерде шаар тургундары жана коноктору жеткиликтүү баадагы азык-түлүк товарларын, суусундук жана ар түрдүү ширелерди жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан