ЭЛДИК ВИДЕО: Унаанын ичинен ачуу чаңырып, инспектордон жардам сураган аялга көңүл бурбай койгон кызматкердин окуясы боюнча иликтөө жүрүүдө

Интернетте 9-декабрь күнү жергиликтүү телеканалдардын биринде тартылган берүү кызуу талкууга алынды. Анда инспектор жолдон унааны токтотуп, унааны ач дегенине айдоочу баш ийген эмес. Ал эми унаанын ичинде белгисиз аял жардам сурап кыйкырып жатканын угууга болот. Аңгыча унаадан башка бир эркек киши түшүп, "алар менин иним менен аялы, экөөнүн ортосунда үй-бүлөлүк чыр чыгып, урушуп жатышат" деп инспекторду унаадан алыстатуу аракетин көргөн. Бир учурда эшик ачылып кетип, ичиндеги аял "коё бергилечи мени, мен эч кандай мунун аялы эмесмин" деп кыйкырып, ыйлаганы тартылган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору бул окуяга эч кандай чара колдонгон эмес.

Бул окуя боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда инспекторго карата кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Унаадан кыйкырып, жардам сураган айымга инспектор жардам бербей басып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Janibek_Mamytov
2018-12-10 19:41:55
Акчаны корсотсо энесин сатышат гайишниктер
+11
defne15
2018-12-10 20:13:00
Ужас чара койбосо.
0
Boha1
2018-12-10 20:35:45
Гаишниктерге жаза бериши керек
+2
Defend.
2018-12-10 20:36:27
Машина полный тонировка, хотябы тонировка деп стоянкага алып кирбейсиңерби!
Же номери 8888
Экен деп .өтүңөр түшүп калдыбы!
Баягыле бей бечаралар үчүн закон, правила экенда!
+11
Aiman0303
2018-12-10 21:09:01
Акмактар!!! Кыргызстанда закон качан баарына бирдей болот
+4
aerforce
2018-12-10 23:37:23
Ушул жерден эле байкасаңар болот анын артынан нексия танировка менен кармалды стоянкага алып кетти тигини койоберди акча үчүн апаңарды сатасыңар
+3
talaa11
2018-12-11 02:37:59
Эмне деген заман болуп жатат? Гаишникти жоопко тартыш керек кайдыгерлиги учун
+3
ruslanz
2018-12-11 08:49:51
Качантан бери милиция элдик болуп калды эле,элдин ан сезиминде милиция акча алгыч катары калыптанып калган.Арысында жакшылары бар,бирок ото аз.
+1
Asyl10
2018-12-11 13:21:53
ГАИге журоктууроок адамдарды ишке алыш керек,крутой машина же жакшырак номурлуу машинаны коргондо "ыштанына жайлоп" койчу гайшиктер жарабайт. Тиги огуз "иним аялы менен жанжалдашып атышат" деп камырабай басып кетсе, ГАИшик кок мээлер "ааа, аялыбы,анда мейли, аялы бьолсо олтуруп салса деле боло берет,биздин ишибин эмне?"дегенсип басып кетишти.Кыргыз кыздары ошон учун башка улуттун жигиттерин тандашат, анткени бизде куйоосу аялын ыйлаткан корунуш, кадимкидей эле жонок
+1
Asylai88
2018-12-11 13:25:36
Машинанын 8888 номерин коруп эле аба жетпей калды го ГАИшнике козунчо олтуруп атса деле баары бир дегендей мамиле кылды го. Аялы эмесмин дегени деле даана угулуп турду бул жонокой адам эмес да водительдин ким экенин корду ошого укмаксанга салып кетип калды. Баардык терезеси да тонировка экен.
0
abon
2018-12-11 20:35:00
машина кучтуу, номер андан кучтуу, акчанын кучу андан кучтуу болуп кетти, балким зордук болуп аткандыр! туура эмес кылыптыр карабай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан