Билим берүү министрлиги: "Жыйынтыктоочу сынакты кайра тапшырган студент Кызыл диплом ала албайт"

Артыкчылык менен диплом алуунун шарттары оорлошот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, жыйынтыктоочу сынакты кайра тапшырган студент Кызыл диплом ала албайт. Ошондой эле окуу мөөнөтү учурунда "эң жакшы" жана "жакшы" деген бааларга окуп, GPA боюнча жетишкендиги 3,75 баллдан кем эмес болушу шарт. Мындан тышкары жыйынтыктоочу экзамендерин "эң жакшы" деген баага тапшыргандар гана артыкчылык менен диплом ала алышат.

Мындай өзгөртүү билим берүү системиндеги коррупцияга каршы күрөштү жандандыруу максатында сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JaneEr
2018-12-11 10:20:50
Иш жок Кыргызстанда кызыл дипломдун кереги деле жокко.Тааныш болсо дипломсуз да чон кызматта иштеп жатышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан