Парламент комитетинде өлкөдөгү авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланат

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз Республикасындагы авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жасайт. Күн тартиби боюнча комитетте 2 маселе каралат. Мындан тышкары Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абал тууралуу маселени карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан