Депутат Узакбаев Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун абалы начар экенин айтты

Кечээ, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитети К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрүп, бул илимий мекеменин бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкууга алышты.

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Нурудин Карабаевдин айтымында, институтта 7 бөлүм, 1 лаборатория, 4 тажрыйбалык станция, 2 тажрыйбалык таяныч пункту иш алып барып, жалпысынан 72 кызматкер иштейт. "Алардын 51и илимий кызматкер, 2 илимдин доктору, 6 илимдин кандидаты бар. Бүгүнкү күндө Орусиянын Ломоносов университети менен илимий иштерди жүргүзүүгө келишим түзүп иштеп баштады. Ошону менен катар Казакстан, Түркия менен алака жолго коюлуп, селекциялык материалдар алынууда", - дейт Карабаев.

Депутат Абылкайыр Узакбаев айыл чарбасы боюнча илимий изилдөөнүн башында турган мекеменин мындай абалга келиши өтө өкүнүчтүү экендигин айтып, бул өтө олуттуу болгон илимий мекемени калыбына келтирүү үчүн биринчи кезекте эмне иштер жасалышы керектигине кызыкты. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев лабораторияларды калыбына келтирүү керектигин, болбосо ата мекендик делген бир дагы үрөнгө дыйкандар ишенбестигин баса белгиледи. Ошону менен катар министр лабораторияга керек болгон жабдуу алуу үчүн донор издебей, республикалык бюджеттен жаңыртууга каражат бөлүнсө жакшы болот эле деген пикирин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин ишин "канааттандырарлык эмес" деп табуу тууралуу чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2018-12-11 09:06:18
Ой биздин депуттаттар "айтты" дан башка колдорунан эч нерсе келбейт... айткандан башка бир нерсе билишеби булар. ???? Жалан "айткычтар" чогулуп алышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан