КҮНСЕРЕП: Атамбаев 24 жылда көрбөгөн чындыкты 1 жылда көрдүм дейт

Бүгүн, 11-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Акыркы күндөрү ньюсмейкерге айланып бара жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип, өлкөдөгү саясий кырдаал, өкүнүчү, 6 жыл мамлекетти башкарган адам катары өзүнүн жоопкерчилиги тууралуу кеӊири сөз кылды.

Ал соӊку 1 жылда көп адамдын чыныгы жүзүн көргөнүн айтат. Экс-президент Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгени - саясаттагы эӊ чоӊ катасы болгонун айтып, ал үчүн элден кечирим сурады. Кечиримди 6 жылдык иши үчүн эмес, Жээнбековду тактыга коюп кеткени үчүн сурады. 2012-жылы Аскар Акаев президент кезиндеги эӊ чоӊ катачылыгы - Курманбек Бакиевди бийликке алып келгени болгонун айткан. 2015-жылы Курманбек Бакиев өзүнүн китебинде Алмазбек Атамбаевди өз командасына ишке алганы эӊ чоӊ катачылыгы болгонун жазган. Эми Алмазбек Атамбаев да эӊ чоӊ катачылыгым деп Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенин айтып жатат. Бул окуялар Кыргыз өлкөсүндө бийлик бардык президенттерди ажыдаарга айлантып жибереринин далилиби?

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуучу мыйзамдын долбоору азыркы тапта Жогорку Кеӊештин кароосунда турат. Атамбаев бул аракеттин артында бир тууган Жээнбековдор турат деген пикирде. "Кудайдан кийин эле сизсиз" деп жанымда 24 жыл жүргөн адам мага душмандык кылып жатат. Бир чети Кудай мага атайын ал-күчүм бар кезде чындыкты, кимдин ким экенин көрсөтүп жаткандыр", - дейт ал. Атамбаев 24-ноябрда Бишкекте өткөн курултайга эмне үчүн баруудан баш тартканын түшүндүрдү. "Жийиркендим, уюштуруучу болгон Кеӊешбек Дүйшөбаев, Азимбек өӊдүү адамдардан алыс жүрүү керек. Булар кузгундар, Жээнбеков менен Атамбаевди чабыштырып, эптеп бир балээ чыкса, ошондон акча таап калсак дегендер", - дейт ал. Экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз арасында "туура айтып жатат" деп Адахан Мадумаровдун ысымын көп атады. Мисалы, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы колдонду делинип жарыяланып, президенттик команда “фэйк” деп атаган көмүскө касса тууралуу. Атамбаев адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган файлда жазылган маалыматтар чын деген пикирде. Бул үчүн азыркы президентти кызматтан четтетүүгө, атүгүл 3 жылга соттоп жиберүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренеси жол бере турганын баса белгиледи. Буга чейин Адахан Мадумаров 2017-жылкы шайлоодо Жээнбековдун штабы кара кассаны колдонгону аныкталса, бул анын президенттик кызматка келишинин легитимдүүлүгүнө күмөн жаратарын айткан эле. "Тилекке каршы, Мадумаровдун сөзү ачуу чындык", - дейт Атамбаев. Бийликте кезинде Атамбаев Мадумаровдун сындарын кабыл алчу эмес.

Экс-президент азыркы бийлик коррупция менен күрөш деп элди алдап жатканын, иш жүзүндө коррупционерлер кайра Салык, Бажы кызматтарына дайындалып жатканын айтат. Атамбаевдин бул маегинен улам бир нерсе ачыкталды. Анын "ал-күчүм барда чындыкты билгеним жакшы болду" дегени Атамбаев мындан ары тынч жатпайт, саясатка активдүү аралашат деп кабыл алынды...

2017-жылкы президенттик шайлоодо 600 миӊдей жарандын добушун алган Өмүрбек Бабанов Кыргыз жерине кайтып келиши керектигин айткандар көбөйүүдө. Буга чейин Бабановго кысымды токтотууну парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясы айтып келсе, эми ага экс-президент Алмазбек Атамбаев кошулду.

"Апрель" телеканалына берген маегинде Атамбаев Бабановго ачылган кылмыш иштери жабылышы керектигин айтып чыкты. Ал көз карандысыз экспертиза Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө кылмыш жок деп корутунду чыгарганын эске салды. Ал эми экинчи ачылган кылмыш ишине Бабановдун катыштыгы бар экени тастыкталган жок дейт. "Бабановдун иштери жабылышы керек, тескерисинче, ага рахмат айтышыбыз керек. 1 жыл өттү элдин ынтымагын бузууга бир да жолу аракет кылган жок", - дейт Атамбаев. 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда болуп кайткан. Бул окуядан кийин ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптап чыккан. Ал эми Бабановду Назарбаевдин “шестеркасы” деп атап, өлкөнүн кызыкчылыгын сатып жиберүүгө даяр адам деп сындаган.

Бабановго 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси 2017-жылдын 4-ноябрында "улуттар аралык кастыкты козутуу", "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренеси менен козголгон. Бул кылмыш иши токтотулганын быйыл сентябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирген. 2018- жылы 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча дагы бир айыпталуучу депутат Канатбек Исаев үй камагына чыгарылып, ал депутаттык ишмердүүлүгүн улантып жатат.

Жакында юрист Нурбек Токтакунов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы колдонду делген касса тууралуу файл жарыялады. Ал файл боюнча коротулган акча БШКга берилген маалыматтан эселеп ашыкча. Президенттик команда ал маалыматты “жалган” атаган. Бирок ошол файлда аты аталган 3 адам өздөрү тууралуу жазылган маалыматты чын деп жарыялашты. Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар бул маалыматтын тыкыр иликтенип, баа берилишин талап кылып жатышат. Өлкөдөгү мындай кырдаал 2017-жылкы президенттик шайлоодо 2-орунду алган, 600 миӊден ашык шайлоочунун добушуна татыган Өмүрбек Бабановду өлкөгө кайтып келүүгө милдеттендирет...

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектелген Марс Бөдөшовго сот өкүмү чыкты.

Бишкектин Свердлов райондук соту Марс Бөдөшовду “ала качуу” жана “адам өлтүрүү” беренелери боюнча айыптуу деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн режимде өтөйт. Дагы бир айыпталуучу, кызды ала качууга көмөктөшкөн Бөдөшовдун досу Акмат Сейитов "ала качуу" беренеси боюнча 7 жылга соттолду. Ошондой эле жабырлануучу тарапка моралдык жана материалдык зыян үчүн 800 миӊ сом өндүрүү чечими чыгарылды.

Быйыл май айында Марс Бөдөшов аттуу жаран 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын ала качып баратканда кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Кылмыш иши деп саналганына карабай ала качуу аракети үчүн соттолгондор буга чейин дээрлик болгон эмес. Бүгүнкү окуя Кыргыз жеринде ала качууну салт, кадимки көрүнүш деп санаган башка жигиттерге сабак болууга тийиш. Андай сабак жапжаш кыздын өлүмүнүн баасы менен келгени кейиштүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан