Алмазбек Атамбаев: "Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек"

"Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айткан сөзү ачык айтканда бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди. Бирок эгерде эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо деп козголгон. Бирок андан кийинки экспертизаларда эксперттер "андай болгон эмес, бул чындыгында эмоция менен айтылган сөз" деп чыгышкан". Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып билдирди.

Атамбаев Бабановго козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин айтты.

"Бабановдун эки элди кайраштырып, Кыргыз мамлекетиндеги ынтымакка доо кетирүү максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Ал кыргыздын ынтымагы өзү үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо "ынтымак үчүн саясаттан да кетем" деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди. Анан ага дагы бир иш козголгон. Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегендей айтылган. Бирок Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок. Мүмкүн Канат Исаев өзү ээн баштык кылгандыр, азыр ал парламентте жүрөт. Азыркы бийликтин учурда ага дооматы деле жок окшойт.

Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго "Бабанов мындай кадамдарга барып жатат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек" деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Керек болсо президент болбосом дагы бир-эки ай өткөндөн кийин, февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып, "ушундай сөз болбоду беле Бабановдун иши жабылышы керек эле го, эмне болуп жатат?" деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Ал "экспертизалардын жыйынтыгы чыкты, Канат Исаев боюнча иште Бабановдун тиешеси жок, бул кандай?" деп сурады. Анан Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым. Ага сөз болбоду беле, экспертизалар деле чыгыптыр, Бабановдун тиешеси жок экен, иш жабылышы керек эле да деп айттым. Ал "байке, кичине созулуп жатат" деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым.

Бабановдун иштери жабылышы зарыл. Чынында ага рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуу үчүн бир аракет кылдыбы? Ачыгын айтканда, менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам", - деди Атамбаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан