Бишкекте "Жаңы жылдык белек" аталышындагы жарманке өтөт

Борбор калаада "Жаңы жылдык белек" аталышындагы жарманке өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жарманке 20-декабрда башталып 24-декабрга чейин уланып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда орун алат.

"Мындай жарманке жыл сайын уюштурулуп келет. Быйыл бул жарманке онунчу жолу уюштурулууда. Жарманкенин алкагында шаар тургундарына жана конокторуна жеткиликтүү баадагы азык-түлүк товарларын, суусундук жана ар түрдүү ширелерди, кийим-кече, косметика, парфюмерия жана тиричилик техникаларын да сатып алуу мүмкүнчүлүгү болот", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан