Бишкекте 15 тоноочулук фактысына шектелген жаран кармалды

Бишкекте 15 тоноочулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине арыз менен шаар тургуну кайрылып, белгисиз жаран коркутуу жолу менен аны тоноп кеткенин билдирген. Жабырлануучуга 13 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген. Ошондой эле арыз менен дагы бир шаар тургуну кайрылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган С.у.К. аттуу жаран кармалган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү ушул сыяктуу 15 фактыга катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда кылмышка шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, бул фактылар боюнча тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан