Социалдык фонддун төрагасы: "Түркия 15 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз мигранттарынын пенсиясын мекенине которуп берет"

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу талкуу жүрдү.

Талкууда депутат Азамат Арапбаев Кыргыз мамлекетинде жашаган чет элдик жарандар иштебесе дагы социалдык камсыздандыруу төлөмүн төлөшү керекпи деп сурады.

"Чет өлкөнүн жарандары иштесе да, иштебесе да социалдык камсыздандыруу төлөмүн төлөшү керекпи? Ал эми Түркиядагы биздин жарандарга ал жакта иштеген учурларына пенсия менен камсыздандыруу иши эмне болуп жатат?" - деп сурады ал.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, Кыргыз өлкөсүндөгү чет элдик жарандар иштебесе камсыздандыруу төлөмүн төлөбөйт.

"Түркия 15 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз мигранттарынын пенсиясын мекенине которуп берет. Аталган өлкөдө бул жөлөк пулдар орточо эсеп менен 350 долларды түзөт. Мындан тышкары жарандар Кыргыз мамлекетинде иштеген мезгил үчүн дагы пенсия ала алат. Ушундай эле эреже биздин өлкөдөгү Түрк мигранттарына да тиешелүү", - дейт социалдык фонддун төрагасы.

Мындан тышкары Орусиядагы кыргыз мигранттарына дагы пенсия төлөп берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын аталган фонддун төрагасы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2018-12-11 16:59:03
Медер Ирсалиев,15 жылдан сон пенсиясын колуна алган ар бир КРнын Туркиядагы мигранттары сизге Рахмат айтат болуш керек.
0
AIA-TOO
2018-12-11 17:08:17
Соонун болгон тура.
0
Luna15
2018-12-11 18:05:00
Россия менен да ушундай чечилсе анда абдан соонун,10жыл болсо андан да соонун болот эле,анткени Эмне деген жарандарыбыз налог толоп атабыз,жон эле абага тологондой болбой пенсия алып калсак кана
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан