Казакстан депутат Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты

Казакстан Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Бул тууралуу SUPER.KG'ге 11-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кабарлады. Анын айтымында, Казакстандын мамлекеттик органдары Сулеймановдун жеке маалыматтарын кароо үчүн анын макулдугу керектигин айтышкан.

"Биз депутат Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен тийиштүү мамлекеттик органдар аркылуу Казакстандын мамлекеттик органдарына кайрылганбыз. Бирок алар депутаттын жеке маалыматтарын өзүнүн макулдугу жок болгондуктан бере албай турганын билдиришкен. Мындан улам биз депутаттын өзүнө оозеки түрдө кайрылганыбызда макулдук берүүдөн баш тартып койгон. Учурда кайрадан расмий түрдө кайрылып, жообун күтүп жатабыз", - деди Бекматов.

Ушул жылдын 26-сентябрында парламенттин жыйынында Бахадыр Сулейманов акыйкатчылыкка талапкер болгон Токон Мамытовдон "Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз" деп сураган. Мамытов "Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди" деп жооп кылган.

Ал эми Башкы прокуратура да тийиштүү документтер 25-сентябрда келип түшүп, териштирүү иштерин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы жүргүзүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан