Белгилүү улакчы Манас Ниязов сүйүктүүсү Назира менен баш кошту. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына улакчы өзү тастыктады.
Анын айтымында, Назиранын кыз узатуу тою бүгүн, 11-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда өттү. "Назира менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөнбүз. Ал кошуна айылдан болот, жашы 19да. Тоюбуз эртең Ош шаарындагы ресторандардын биринде болот", - деп айтты Манас Ниязов.
25 жаштагы улакчы Кыргыз өлкөсүнүн курама командасына кирип, Көчмөндөр оюндарынын мыкты улакчысы аталып келген. Ошондой эле ал Оштун "Достук" командасында ойноп, бир нече жолу Өлкө биринчиликтерде алдыңкы орундарга ээ болуп келген.