"Манас" аэропортунда коюу туман тарабай, учактар дале кармалууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү Алия Курбанова кабарлады. Буга байланыштуу айрым каттамдар учуу убактысын башка убакытка жылдырууга аргасыз болууда.
"Эртең менен коюу туманга байланыштуу Үрүмчү, Москва, Грозный, Стамбул жана Баткен шаарларына кетчү учактар кармалып жатканын айтканбыз. Абал дале өзгөрүүсүз калып жаткандыктан Баткенге уча турган учактын каттамы убактылуу токтотулуп, Үрүмчүгө кетчү каттам 12-декабрга жылдырылды. Ал эми калган каттамдар учуу убактысын башка саатка жылдырууга аргасыз болуп турушат. Коюу туман тарап кетери менен иш өз нугунда улантылат", - деди Курбанова.
Курбанова "Манас" аэропортунун жамаатынын атынан элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.