"Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга өлкөнүн бюджетинен жылына 500 миллион сом коротулат" дейт "Учкун" ишканасынын директору Дайыр Кенекеев

Депутат Рыскелди Момбеков бардык мамлекеттик иш кагаздары, өздүк документтер мамлекеттик басмаканада басылып чыгышы зарыл деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 11-декабрда "Парламент" радиосуна билдирди.

"Бул экономика үчүн да маанилүү. Мисалы, башка мамлекеттерде бардык иш кагаздарын мамлеккеттик басмаканалар басып чыгарат. Ал тургай айрым өлкөлөрдө Улуттук банктардын алдында өздөрүнүн басмаканасы бар. Акчалар ошол жерде даярдалат. Биз колдонгон жарандык паспорттун баасы 96 сом болсо, айдоочулук күбөлүктүн баасы 1300 сом турарын айтып, бул жерде чоң коррупциялык схемалар бар деп күмөн санады. Жогорудагы документтерди даярдоого кеткен материалдар бирдей болсо да, бааларындагы чоң айырмачылык дароо көзгө урунат. Муну иликтеп чыгуу зарыл. Мен депутат болуп келгенден бери бул маселени бир нече жолу көтөрдүм. Сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек”, - дейт Момбеков.

Уктурууга катышкан “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору Дайыр Кенекеев аталган коомдогу мамлекеттин үлүшү 85,36 пайызды түзөрүн билдирди. Анын ичинен 8 пайызы Социалдык фондго которулат.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик маанидеги документтердин баары биздин басмаканадан чыгарылып турган. 3 жылда биз карыздарыбызды төлөгөнгө жетишкенбиз. Аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин атаандаштыкка туруштук бере алган жокпуз. Себеби бүгүнкү күндө полиграфия рыногунда 200дөн ашуун типографиялар иштейт. Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга эле өлкөнүн бюджетинен 500 млн сом коротулат. “Учкун ” ишканасын менчиктештирүүгө да кээ бир адам кызыкдар болгон, бирок биз ага жол бербейбиз”, - деди Кенекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан