Бүгүн Жогорку Кеңеш финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин карайт

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

10-декабрда Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети колдогон.

Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.

Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.

Бактыгүл Жээнбаева - 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон. 2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан