Орусияда 45 жаштагы Кыргыз жараны каза болуп, эки күндөн бери өлүк сактоочу жайда жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 12-декабрда Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.
Маалым болгондой, Лейлек районунун 1973-жылы туулган Мирзаев аттуу тургуну Ногинск шаарында жүрүп ашказаны ооруп ооруканага кайрылган. Бирок үч күндөн кийин ооруканада жатып каза болуп калган.
"Учурда Орусияда жакындары жок болгондуктан сөөгү эки күндөн бери өлүк сактоочу жайда турат. Ошондуктан мекендешибиздин сөөгүн туулуп-өскөн айылына жеткирүү үчүн жардам керек болуп жатат", - деп билдиришти кайрымдуулук фондунан.
Мирзаевдин артында эки баласы калды. Жардам берүү үчүн +79251231013, +79255028014 номурларына чалып, 4276380122338911 номурундагы банктык эсепке акча которсоңуздар болот.