Өрттөнүп кеткен "Берекет" соода борборунун соодагери: "6 миң долларлык товарым күйүп, өрткө чейин карызга 6 миң доллар берип койгонума сүйүнөм"

Жыл башынан бери “Ош базарынын” аймагында төртүнчү ирет өрт кырсыгы катталып соодагерлерге ири суммадагы зыян келтирди. Учурда “Берекет” соода борборундагы өрт боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатса, акыркы өрттөн жабыркагандардын чыгымдары эсептелинип бүтө элек.

"Берекет" соода борборунда өрттүн кесепетинен 6 миң долларлык товарын жоготкон Гүлайым эже учурда жолдун боюнда соода кылып, күн өткөрүүдө. Ал өзү жана көп жыл бою бирге соода кылган сатуучулар тууралуу кеп салды.

“Албетте, бул өрт кырсыгы көптөгөн пландарды бузду. Бул жерде соода кылгандардын басымдуу бөлүгүн түйшүккө салып, белчеден карызга да батырды. Бирок ушинтип жабыркадым деп үйгө жатып алсаң карыздарыңды ким төлөйт? Ар ким өз арабасын сүйрөгөн заманда эч кимге ишенип болбойт. Ошол себептен 300дөн ашуун адамды жумушсуз калтырган өрт соодагерлерди мурункудан да күчтүү болууга үйрөттү. “Сен күйүп кеттиң эле” деп жөн калтырбайт экен да. Ооба, жеңилдик кылышты, учурда соода кылып жаткан жерибизге ижара төлөбөйбүз. Насыяга акча алгандарга акчаларды кайтаруудагы убактыларын узартып беришти. Шаардык мэрия тарабынан 10 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөндү. Ал акчага соода кылып жаткан жерибиздин үстүн жамгыр, кардан калкалай турган чатыр жасаттык, анан ушинтип ысык-суукка чыдап 5-10 тыйын табалы деп турабыз. Менин ошол өрттө 6 миң долларлык товарым күйүп кеткен. Дагы жакшы, ошол окуядан 2-3 күн мурун унаа алам деп чогулткан 6 миң доллар акчамды таанышым сурап алып кеткен эле. Ага азыркы күнгө чейин ыраазы болуп кетем (күлүп). Ал акчаны бербей койсом ал ошол өрттө толугу менен күйүп кетмек экен да, Кудай сактады", - дейт Гүлайым.

Соодагердин айтымында, анын жанында иштеген күйөөсү-аялынын 20га жакын соода орду күйүп кеткен. Ал эле эмес жумуш ордунда сейфте сакталып келген ири суммадагы акчасы да күйгөн.

“Канча акчасы күйгөнүн билбейбиз, аны айтууну каалашкан жок. Жаман болушту, ооруп үйүндө жатышты. Өрткө чейин уулун үйлөнтөбүз деп акча чогултуп, кудалашып да койгон болчу. Өрттөн улам соода орундары да, чогулткан акчалары да күйүп кетти. Бирок той күнү айтылып калгандыктан тойду жылдыра албай өткөрүүгө туура келди. Азыр алар бул жакта соода кылбай калышты. Окуядан кийин эле башка базарга көчүп кетишти. Товарлары гана эмес, акчалары, үйлөрүнүн документтери күйүп кеткендер да болду. Соода кылгандар негизи үйүндө акча сакташпайт, себеби ууру кирет деп коркушат. Бир жагынан качсаң экинчи жагынан минтип өрттөнүп кетип жатпайбы”, - дейт ал.

300дөн ашуун адамдын мээнети күйгөн өрттөн кийин мүмкүнчүлүгү бар адамдар кафе, ашкана иштетүүгө өтүшкөнүн айтат соодагер.

"Өрттөн кийин башка базарларга көчүп кеткен соодагерлер да арбын. Акырындык менен карыздарынан кутулуп, оокат кылып жатышат. Болгон товарларымды бул көк сандыкка салып бекитип кетем. Дагы өрттөнүп кетет деген коркунуч мурда бар болчу. Азыр чынын айтсам коркпой деле калдык. "Берекеттин" ичинен 6 миң долларлык товарым күйгөн. Азыр бул жерде ашып кетсе 1 миң долларлык товар турат. Ага анча деле кыжалат болбойм. Себеби мындан чоңун жоготкон соң өзүңдү аяп калат экенсиң. Ушул айдын аягында жаңы курулуп жаткан жаңы соода борборунан орундар берилет. Ал жакка көчсөк кичине тазараак болуп, мурунку кардарларыбыз да кайра келип турат деп ишенем", - деп кошумчалады соодагер айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wirintai27
2018-12-12 22:36:14
Карапайым элге кыйын болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан