Жалал-Абад шаарында батири кулпуланып калгандан кийин газга ууланган жаран куткарылды. Бул тууралуу 12-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.
Белгилүү болгондой, кечээ түндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык куткаруу бөлүмүнө көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бири кулпуланып калганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Куткаруучулар айтылган дарекке жетип барып, терезе аркылуу киришкен. Андан соң газга ууланган кишинин кыймылсыз абалдагы денесин табышкан. Куткаруучулар аны дароо "Тез жардам" кызматына өткөрүп, ал аман калды", - деп билдирет шаардык мэрия.