"Time" журналы жыл адамын аныктады. Ага ылайык, бул наамга бир эмес, бир нече адам, тагыраагы, журналисттер тобу ээ болду.
Белгилүү болгондой, "Жыл адамы" наамы журналисттер тобунан тышкары Стамбулда каза болгон араб журналисти Жамал Хашоггигге жана "Capital Gazette" гезитинин реадакциясында эмгектенген журналисттерге да ыйгарылган.
"Биз биринчи жолу каза болгон адамга "Жыл адамы" наамын ыйгарып жатабыз" деген "Time" журналынын редактору.
Өткөн жылы "Жыл адамы" наамынын сап башында турган АКШнын президенти Дональд Трамп быйылкы жылы экинчи орунду камсыздаган. Ошондой эле алдыңкы үчтүктөн АКШнын федералдык иликтөө бюросунун башчысы, прокурор Роберт Мюллер орун алган.