"Эл арасында медициналык кызматтын сапатсыздыгына нааразы болгондор көп" деп бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.
Анын айтымында, жарандар ооруканаларда кезектерге туруп, сапатсыз медициналык кызмат көрүп калып жатат. "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түздөн-түз милдети ушундай көйгөйлөрдү көзөмөлгө алышы керек. Бул боюнча канча киши жазаланганын, канча сапатсыз кызмат көрсөтүлгөнүн элге жарыялоосу зарыл. Отчётто болбогон маалыматтарды берип жатасыңар. Ошондой эле дарыканаларда бир эле дарыны ар кандай баада сатып жатат. Медициналык бизнес болуп жатат. Бул дагы көзөмөлгө алынышы шарт", - дейт Карашев.
Аталган фонддун башчысы Марат Калиев 2019-жылдан тарта дарылардын баасы көзөмөлгө алына турганын билдирди.
Жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору каралды.