Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына киргизүү керектигин айтты

Депутат Аида Исмаилова Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мурда аталган фонд Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу болгондо жакшы иштечү. Менин оюмча, фондду министрликтин карамагына кайрадан киргизүү керек. Ошондо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөргө тез арада чечим кабыл алынат", - дейт Исмаилова.

Фонддун башчысы Марат Калиевдин айтымында, буга чейин фонддун 2018-жылга карата бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14 миллиард 230 миллион сом көлөмүндө бекитилгенин эске салып, азыр ал көрсөткүчтү өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыл ичиндеги чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди. "Фонддун 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 миллион сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 миллион сомго жогорулайт", - деди Марат Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан