Парламентте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылы психикалык ооруканалардын күзөтүнө 5 миллион сом бөлүп берүүнү сурап жатканы айтылды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылы Кызыл-Жар жана Чым-Коргондогу психикалык ооруканалардын күзөтүнө кошумча 5 миллион сом бөлүп берүүнү сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Ирина Карамушкина аталган фонд психикалык ооруканаларга кирпич менен тосмо курууга кошумча 2 миллион сом сурап жатканын айтты.

Финансы министринин орун басары Улукбек Карымшаков психикалык ооруканалардагы күзөттү күчөтүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 5 миллион 800 миң сом сураганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан