"Гендердик зомбулукка каршы 16 күн" аталышындагы эл аралык кампаниянын алкагында Бишкекте "Ар бир кыздын кыялы бар" аттуу талкуу болду. Бул тууралуу 12-декабрда БУУнун Кыргыздагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, өлкөбүздө быйыл кампания "#Мениугупкойгула: Аялдарга болгон зомбулукту жок кылабыз" урааны менен өткөн.
Иш-чара кыздарды куткаруу кызматы, спутник куруу, ишкердик, билим берүү тармагында ийгиликке жеткен кыз-келиндер менен тааныштырууга багытталган.
Махабат Назарбекова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде куткаруучу медицина кызматкери болуп иштейт. Ал өзү жумушу тууралуу айтып жатып “Мен күчтүү болуп, адамдарга жардам берүүнү дайыма кыялданчумун. Үй-бүлөбүздө 5 бир тууган элек. Улуусу болгондуктан кичинекейлерге дайыма болушуп келчүмүн. Мына ошондон улам ушул кесипти тандасам керек. Башында бул кесипти тандаганымды уккан апам "Эл эмне дейт?" деген эле. Азыр болсо мени менен сыймыктанат. Жолдошум да ӨКМда иштейт, 5 балабыз бар. Адамдар мага жардам сурап кайрылышып, ыраазы болуп турушат", - деди.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бий мектебин негиздеген Айнура Телеушева максатына жетүү үчүн өз күчүнө ишенүү керектигин айтат.
"Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине окууга өтүп, теңтуштарым менен интерьер дизайнери кесибине окуп баштаганда аябай бактылуу болгом. Мага "сен аял болгонуң аз келгенсип майып дагы болсоң сага кыйын болот" дешчү. Муну эки эселенген дискриминация деп эсептейм. Бирок мен артка чегинген жокмун. Турмушка чыгууну, эне болууну, өзүмдүн бий мектебимди ачууну кыялданчу элем. Кыялым орундалды. Үй-бүлөлүү болдум, эне болдум. Жакында эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бий мектебин ачтык. Мен өзүмө окшогон кыз-келиндерге жардам берүүнү чечтим", - деди Телеушева.
Ийгиликке жеткен айымдардын баянын уккандан кийин катышуучулар "Ар бир кыздын кыялы бар" аттуу стендге кыялдарын жазышты. Уюштуруучулардын белгилешинче стенд БУУнун үйүнө орнотулат.