"Былтыр 15 "Тез жардам" унаасы алынып, кайра кайтарылган" дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары

Былтыр Немис өнүктүрүү банкы аркылуу 15 “Тез жардам” унаасы алынып, кайра кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Биз Немис өнүктүрүү банкына унаалар бейтаптарды ташыганга жарабай турганы боюнча доо кат жазганбыз. 7 унааны оңдосо болот деген маселе көтөрүлгөн. Ички иштер министрлигинде автолаборатория бар. Аталган министрликке кайрылганбыз. Алар унаалар оңдоого жарабай турганын айтып, унааларды каттоодон өткөрүүдөн баш тартышкан. Жыйынтыгында 15 унааны кайтарып бергенбиз. Тийиштүү документтерге кол койгон кызматкерлер кызматтан кетишкен. Тергөө органдары иш жүргүзүп жатат. Буга укук коргоо органдары баа бериши керек", - деди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан