30-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын прапорщиги өзүн-өзү атып каза болгон. Ал эми маркумдун жанынан кат табылган. Катта аскер кызматкери ата-энесинен кечирим сурап, анын өлүмү үчүн өзү иштеген жетекчиликтин эч кандай күнөөсү жок экендиги жана жалпы кызматташкан кесиптештерине ыраазы экени жазылган. Ошондой эле SUPER.KG порталына өздүк булактар каза болгон прапорщиктин сүйлөшкөн кызы асынып алгандыктан ал ушул кадамга барганын билдирген.
Бул окуя кандай болгонун билүү үчүн каза болгон Назгүлдүн (аты өзгөртүлдү) ата-энесине байланышканыбызда, алар окуяны төмөнкүчө айтып беришти.
"Назгүл Караколдогу медициналык колледжде 2-курста окуп жаткан. Ал окууга өз каалоосу менен тапшырган. Сабакты жакшы окучу. Өзү ак көңүл, боорукер, сезимтал болчу. Мен ооруп калсам же бөбөктөрү сыркоолоп калса күйпөлөктөп чуркап калчу. Үй-бүлөдө балдарымдын экинчиси эле.
Окуя болордон үч күн мурун неберебизди Бишкектеги ооруканалардын бирине көрсөтүп, кайра айылга келдик. Ошол учурда кызым бөбөктөрүн карап айылдагы үйдө болуп жатты. Биз шаардан келген соң эртеси чогуу бир жерге конокко бардык. Ал жерде жаркырап жайнап отурду. Коноктон чыгып, атасы экөөбүз айылга кеттик, ал эми кызым Караколдогу үйдө калды. Жолдо бара жатсак, улуу кызым телефон чалып, Назгүлдүн эшикке телефонун издейм деп чыгып кеткенин айтты. Жолдошум экөөбүз үйгө жетип эле балдарды алып, кайра Караколго жөнөдүк. Назгүл кечинде эшикке чыкчу эмес, ошого да атасы барып карап келеличи деп туруп алды. Жолдон кайра эжеси бизге байланышып, Назгүлдүн көчөдө бир бала менен сүйлөшүп турганын, азыр үйгө барып каларын айтты. Бирок Назгүлгө телефон чалсам, өчүк болуп жатты. Аңгыча эле биз Каракол шаарындагы үйүбүзгө келдик. Эшикти ачсак бек экен. Ал убакта бирге жашаган эжеси менен жездеси конокко кетип калыптыр. Аларга Назгүлдүн үйдө эмес экенин айтып, кайра орто жолдон чакырып алдык. Үй ичинен бекилиптир, эшикти талкалап кирип, кызымдын асынып алганын көрдүк.
Буга чейин кызыбыз телефонун жоготуп алганын айткан. Мен көп деле көңүл бурган эмесмин. Бирок кайра окуя болор күнү чогуу жашаган эжеси телефонун тапканын айткан. Көрсө ал телефонун жоготпой эле сүйлөшүп жүргөн баласы алган экен. Экөө ошол күнү жолугушкан да. Биз Назгүл каза болгондон кийин телефонун жоготуп кайра тапканда бир ызы-чуу болгон окшойт, ошондон ызаланып асынып алды деп ойлой бергенбиз. Качан гана анын телефонундагы сыр белгини ачтырып келген соң, айылдаш бала менен сүйлөшүп жүргөнүн билдик.
Бул эки бала тең жаштык кылышты, ата-энени ойлошкон жок. Бул эки жаштын артында ыйлап, кан жутуп биз калдык. Баланын апасын да тааныйм, ал дагы чыркырап жатат. Эл арасында туура эмес сөздөр да тарап жатат. Биз Назгүлдүн айылдаш бала менен сүйлөшкөнүн билген эмеспиз, билсек, балким, башкача болот беле?!" - деди маркум кыздын апасы.