Депутат энергетикалык компаниялардын директорлор кеңешине "дежурларды" эмес, адистерди алып келүү керектигин айтты

Депутат Азамат Арапбаев энергетикалык компаниялардын директорлор кеңешине "дежурларды" эмес, адистерди алып келүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, директорлор кеңешинин мүчөлөрү энергетика тармагынан алыс.

“Бул тармакка кесипкөй адистерди тартуу зарыл. Директорлор кеңешинин мүчөсү “дежур” болбошу керек. Силерде “Улуттук энергетикалык холдингден” бирөөнүн тууганы директорлор кеңешинде мүчө болушу керек деген практика бар экен. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу керек”, - дейт Арапбаев.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын орун басары Бакыт Эсенбаева директорлор кеңешинин мүчөлөрү айлык маяна албай турганын айтты. Ошондой эле ал “Улуттук энергетикалык холдингдин" кызматкерлери экенин билдирди. Эсенбаева депутаттын сунушу эске алына турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан