Парламентте ГЭСтер ээлеген жерлерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 12-декабрда парламентте ГЭСтер ээлеген жерлерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Жыйында мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров алып чыкты. "Мыйзам долбоору стратегиялык объектилерге жеңилдиктерди берүү жаатында салык салуунун белгилүүлүк принцибин ишке ашыруу жана мамлекеттик колдоо кепилдигин камсыздоо болуп саналат. Долбоор аркылуу ГЭСтер ээлеген жерлерди, анын ичинде алардын суу сактагычтарын суу каптоо зонасынын жерлерин салык салуудан бошотуу сунушталган", - дейт депутат.

Талкууда 2009-жылдан бери энергокомпаниялар жер салыгын төлөбөй келүүдө. Натыйжада 4 миллиард сомдон ашуун карыз жаралгандыгы белгилүү болгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asat17
2018-12-12 16:17:52
Жеке энерго компания болсо толосун, керек болсо РЭС тер ААК болгондугу учун дагы баардыгына толош кк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан