Депутат Нурбаев: "Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетиши керек"

Депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Улуттук банктын төрагасынан "Сиз канча пайыз менен ссуда алдыңыз эле? Канча адамдын алган акчасы кечилген?" деп сурады.

Толкунбек Абдыгулов 5 миллион 500 миң сом алынганын айтты. "Канча адамдын алган акчасы кечилгени боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул практика 1995-жылдан бери бар", - деди Абдыгулов.

Нурбаев жөнөкөй адамдардын алган акчалары кечилбей жатканын айтты. "Сиз өзүңүз моралдык жактан уятыңызды сезип жатасызбы? Мугалимдер 6 миң сом айлык алып, туугандарынан карызга акча чогултуп жүрөт. 200 миң сомдун тегерегинде эң көп айлык алып, мамлекет карызга батып жатканда 5 миллион сомду кечкенден уялдыңызбы?" - деп сурады.

Абдыгуловдун айтымында, ссуда алган жөнөкөй кызматкерлердин турак-жай ссудасы эсептен чыгарылганын айтты. "Бул Улуттук банктын кызматкерлерин колдоо жана ордун кармоого багытталган. Мен ал кезде вице-премьер-министр болуп иштеп келгем. Өзүм эсептен чыгарып салган жокмун", - деди Абдыгулов.

Нурбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодурановадан Толкунбек Абдыгуловду кантип кызматтан кетирсе боло турганын сурады.

Асел Кодуранова бул боюнча процедураны карап чыгуу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан