Мекеменин маалыматына караганда, мындай айлык алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомго ноябрдын аягында кол койгон.
Токтомго ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын каржылык жардам катары 4 миң 900 сомду түзөт.
Азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом талап кылынат.