"Скромный" болбойсуңарбы?" Депутат премьер-министрди Жалал-Абаддагы сапарында жол тосулуп, эл нааразы болгону үчүн сынга алды

"Скромный" болбойсуңарбы?" Мындай сынды депутат Исхак Масалиев парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айтты.

Эл өкүлү жакында премьер-министр Жалал-Абадга жакшы сапар жасаганын айтып, "бирок элди кыйнап, жакшы ишти жокко чыгардыңар" деп сындады.

"Сиз барганда жолду тосконду азайткыла. Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев бир эле унаа менен жүрөт эле. Жол тосуп, элди кыйнасаңар жакшы ишти жокко чыгарып саласыңар. Эл баарын көрүп турат", - деди ал.

Премьер-министр бул боюнча тийиштүү тапшырмалар берилгенин айтып "сынды эске алабыз" деди.

Буга чейин премьердин Жалал-Абадга жасаган сапары учурунда жол тосулуп, жашоочулар кыйынчылыкка кабылып, нааразы болгон видео интернетке тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2018-12-12 19:17:20
Кытайларды тоскула элди тоспой.
+11
Altun76
2018-12-12 23:53:44
Колунан бок келбейт ушул Абвлгазиевдин башкасынын деле алдыга эмес,артка эле кетип жатабыз.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан