Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджети боюнча мыйзам долбоорлору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, күн тартипке 8 маселе коюлган. "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, Жер кодексине, Салык кодексине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору талкууланат.