Эки адамдын кубанычын, кайгысын, көз жашын өзүнө батырган бир вагон. Дарика Кодоева кызы Алтынай Тентиева менен бул жайды ижарага алып, үй кылып жашап келе жаткандарына 3 жылдан ашты. Аянты ашып барса 4 чарчы метрди түзгөн бул вагондун алдынан шамал өтүп, сүйлөсөң сөзүң сыртка угулуп турат.
38 жаштагы Алтынай Тентиева апасынын жалгыз кызы. Атасын көргөн эмес. Наристе кезинде нерв системдерине доо кеткендиктен, ден соолугу жумушка жараксыз. Мындан улам эки жанды багуу милдети Дарика Кодоеванын моюнунда. Жалгыз бой эне борбор калаабыздагы троллейбустарды жууп-тазалап иштеп, алган 5000 сом айлыгын бир айдан экинчи айга жеткирет. Кызы деп жашап, иштеп, анын ден соолугу, күлкүсү үчүн өмүр сүргөн Дарика айым мээримди, сүйүүнү, кайратты бирдей көтөрүп жүрөт. Бири-бирине жөлөк болгон эне-бала кайрымдуу адамдардын көмөгүнө муктаж.
Эне-баланын аянычтуу тагдыры тууралуу кененирээк төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыздар, ал эми жардам берүүнү каалагандар 0 (559) 74-44-26 номери аркылуу байланышса болот.