Депутат Строкова окуу китептеринде кеткен каталар үчүн билим берүү министри жооп бериши керектигин билдирди

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова окуу китептеринде кеткен каталар үчүн билим берүү жана илим министри жооп бериши керектигин билдирди.

Депутат мектеп окуучуларынын ата-энелеринен китептеги каталар боюнча кат келип жатканын айтты. “Мен китептеги каталарга эмне үчүн жакшы көңүл бурулбай жатканын түшүнбөй жатам. Бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгууну сунуштайм”, - деди депутат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жөнүндө маселе каралган. Жыйынтыгында комитет кемчиликтер эске алынсын деген чечим кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oscar
2018-12-13 11:41:13
7-8 класстын математикасында ката өтө көп, жооптору туура эмес, 30% ката чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан