Депутат Субанбеков: "Тендер деген сөз эл арасында "тең жегендер" деп айтылып жатат"

Депутат Бакирдин Субанбеков "Тендер деген сөз эл арасында "тең жегендер" деп айтылып жатат" деген пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жакында бир топ депутаттар Кара-Балта шаарына барып келди. Бишкек-Кара-Балта жолу учурунда бүтпөй жатканына эл нааразы. Бул маселеге өкмөт көңүл буруп коюшу керек. Тендерден уткан бардык жерде үй, жол болобу сапатсыз салынып жатат. Тендер деген сөз эл арасында "тең жегендер" деп айтылат экен. Бир жуманын ичинде болгон окуяларды көрүп жатасыңар. Канча миллиондогон сомдор чиновниктердин чөнтөгүнө кетип жатат. Жол маселесин көзөмөлгө алып бүтүрүү зарыл", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2018-12-13 13:14:47
Ээн туура мен толугу менен кошулам
+1
Mr.enriiko
2018-12-13 14:25:07
Туура айтат депутат Субанбеков текшерип чыгышсын ошол жолду ооой чыгааат болуш керек кооп нерселеер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан