Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Максат Сабиров экс-депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени саат 11:00дө кароону сунуштады.
Кечээ, 12-декабрда аталган маселени күн тартибине киргизүү сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапкан. Жогорку Кеңеш кечээ саат 16:00дө Бабанов тууралуу маселе боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн маалыматын укмак. Бирок башка маселелер каралып бүткөндө саат 18:00 болуп кеткен. Жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылган.
Бүгүн бул сунуш кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды. Жалпы 95 эл өкүлү каттоодон өтүп, 26 гана депутат добуш берди. 23 депутат "макул" деп, 3 депутат "каршы" деп добуш беришти. 50дөн ашык депутат "макул" деп добуш бергенде бул маселе каралмак.