Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча үн катты

"Менин жана партиялаштарымдын, тарапташтарымдын бийликти басып алууга же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес", - деп 29-мартта Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты.

"Шайлоо кампаниясын таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз!

Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети эмес, атүгүл митинг өткөргөн жокпуз. Тескерисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элдерди дал ошол жакын адамдарым токтотуп жүрүштү.

Анан дагы шайлоонун өткөндүгүн, анда элибиз жаңы президентти тандаганын шайлоонун кийинки күнү эле пресс-конференцияда жарыялагам. Кайсы бир талапкерге же партияны тандагандыктары үчүн элибизди бөлбөш керектигин, бири-бирибизди жөндөн-жөн айыптап, кылмыш иштерин козгобош керек дегем.

Дагы бир ирет кайталагым келет: бизде атаандаштык шайлоо өттү, анын негизинде жеңүүчү аныкталды. Демократия деген ушул – өлкөнү шайланган адам башкарат. Ал эми бардыгыбыз биригип, мамлекетибизди көтөргөнгө көмөктөшүүбүз керек. Кыргыз Республикасынын тарыхы болсо күндө жазылып жатат, кайсы нукта бара турганын учурдагы бийлик аныктайт.

Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбайм. УКМК ушул маселеге чекит коёт деп ишенем.

Мыйзамдын күчүнө, укук коргоо структураларынын абийирине жана УКМКнын бул маселеге чекит коёруна ишенем. Бардык ойдон чыгарылган шектер жокко чыгарылат деп ишенем", - деп жазды Бабанов.

Айта кетсек, 28-мартта Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. УКМКдан билдиришкендей, ал "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып тагылууда.

Буга чейин 2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. 30-декабрда ал саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.

Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан