Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы маалымат жыйынында депутат Өмүрбек Бабановго ачылган кылмыш иши тууралуу пикирин айтты.
Атамбаев Бабановдун Оштун "Он-Адыр" аймагында айткан сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деп эсептейт. Анын сөзүн тийиштүү органдар дыкат иликтеп чыкканын айткан өлкө жетекчиси:
"300 адам аянтка чыгып Манастын сөзүн окутпай коюшту. Бабановдун абалына кейийм. Ал келечектүү эле, өз жолу менен кете бергенде, өз элине каршы чыкпаганда, акчага сатылбаганда башкача болмок. Исаев өз иши үчүн отурат, аудиожазуудан башка документтер дагы бар. Бабанов акча ыргыткан күнү курал сатмакчы болгон атайын кызматтын полковниги кармалган. Бизге ушундай керек беле? 15-октябрда тополоӊ кылабыз деп жатышса, биз эмне кылышыбыз керек эле?" - деди Атамбаев.