Депутат: "Газды жаап койгонго окшоп, Орусия менен Казакстан интернетти да бербей койсо эмне болот? Кайра XVIII кылымга түшүп калабызбы?"

Өкмөт интернетти жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар каражат алып жатат. Аталган макулдашуу Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн.

Маалыматка караганда, аталган каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев интернетке жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин айтты.

"Бул долбоор буга чейин эле ишке ашуусу керек эле. Газды жаап койгонго окшоп, Орусия менен Казакстан интернетти да бербей койсо эмне болот? Кайра XVIII кылымга түшүп калабызбы? Буга чейин депутаттар айтып келген сындар туура. Бул маселеге жакшы көңүл буруу керек", - деди Кыдыралиев.

Аталган макулдашуу биринчи окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zevs
2018-12-13 18:50:50
Berbey koyso kitaydan alabyz bolboso ozbemistandan alabyz. Korkpo men turam ozum suylowup berem
-5
Medina87
2018-12-13 20:59:38
Казакстан интернет арзандайт деп отурат.
Демек КРда да арзандоосу мумкун.
0
Goodyer
2018-12-14 14:15:35
Коркуп журо бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан