КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңеш Бабановго карата позициясын бир түндө өзгөрттү

Бүгүн, 13-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Өмүрбек Бабановго
карата позицияны өзгөртүүгө Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарына саналуу сааттар жетиштүү болду. Бир түндө эмне болуп кетти жана ал эмнени билдирет?

Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Максат Сабиров Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштаган. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку маеги себеп болгонун кошумчалаган. Атамбаев өз сөзүндө Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген. Адегенде маалымат угуу сунушуна саат 2де 42 депутат макул деп добуш берип колдоого алынган. 2 эл өкүлү каршы деп добуш берген. Саат 4кө УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келип, маалымат беришмек болгон. Бирок ал учурга парламентте башка иштер каралып, саат 6да иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу бул маселе кийинкиге жылдырылган.

Бүгүн, 13-декабрда кайра эле депутат Максат Сабиров “кечээ жетишпей калган маселени бүгүн улантып карайлы” деп сунуштады. Бирок төрага Дастанбек Жумабеков “ал кечээги маселе болчу, бүгүн кароо үчүн кайрадан добуш берүү керек” деп көшөрдү. Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, "макул" деп 23 депутат, ал эми "каршы" деп 3 депутат добуш берди. Жалпы 95 депутат катталып, 26 эл өкүлү гана добуш берүүгө катышты. Маселе каралышы үчүн каттоодон өткөн депутаттардын 50 пайыздан көбү сунушту колдошу керек. Каттоодон өтүп, бирок добуш бербей койгондор 72 пайызды түздү.

Кызыктуунун баары – добуштарда. Өмүрбек Бабанов башында туруп шайлоодон утуп келген “Республика-Ата Журт” фракциясынан 22 депутат каттоодон өткөн, бирок анын 10у гана сунушту колдошту. “Каршы” деп добуш берген 3 депутат дал ушул “РАЖ” фракциясынан болушту. Алар: Курманкул Зулушев, Аида Исмаилова, Пархат Тулендыбаев. КСДПдан 4, “Ата Мекенден” 4, “Өнүгүү-Прогресстен” 3, “Бир Болдон” 2 депутат сунушту колдоп беришти. Ал эми “Кыргызстан” фракциясынан макул деп добуш берген эл өкүлү болгон жок. Айтмакчы, аталган фракциядан депутат, президенттик шайлоо кезинде Бабановдун жанында жүргөн Канат Исаев да каттоодон өтүп, бирок ак же көк дебей койгондордун катарында болду.

Бир түндө позициясын өзгөртүп жиберген айрым депутаттарга карата бүгүн SUPER.KG порталы Күнсобол рубрикасынын алкагында суроо салды. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жооп берүүдө: “Кечээ биз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине барганыбызга байланыштуу парламенттин жыйынына катыша алган эмеспиз”, - деп сөз баштады. Ушул эле пикирди депутат Тазабек Икрамов да кайталап: “Кечээ болсо Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада көп депутаттар жүргөндүгү үчүн бир адам эле бул маселени күн тартибине киргизип жиберген”, - деди. Бул сөздөргө караганда, кечээ жогоруда айтылган иш-чара болбосо, анда Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угуу сунушу күн тартибине киргизилмек да эмес. Эл өкүлү Исхак Масалиевдин айтымында, Бабановдун маселесин күн тартибине киргизбеш үчүн төрага тактикалык оюн кылып койду. Депутат Ирина Карамушкина: "Бабановдун маселеси парламентте каралбашы үчүн Иса Өмүркулов "каршы добуш бергиле же такыр добуш бербегиле!" деп фракция мүчөлөрүнө буйрук берип чыкты”, - деди. "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдинов “азыр бизде Ак Үйдүн 7-кабатын карабай туруп чечим чыгара турган өз алдынча парламент жокдеди. Укук коргоочу Динара Ошурахунова: “Депутаттар мындай курч маселелерден коркушат. Алардын позициясы жок, "туура эмес иш жасап алабыз" деп, кароодон баш тартып коюшат ", - дейт. Парламенттин депутаттарына карата сын пикирди эл өкүлү Максат Сабиров да бекемдеди. Ал: “Депутаттардын ойлору бир күндө эмес, бир сааттын ичинде алмашып кетет”, - деп жооп узатты.

Жогорку Кеңеш биринчи жолу курч маселеге карата кайдыгерлигин көрсөтүп отурган жок. Буга чейин траптан түшпөй кармалып, камакка алынган фракция лидери Өмүрбек Текебаевден да парламент жүзүн буруп кеткен. Кийин экс-депутат Садыр Жапаров СИЗОдо кескиленип, канга чыланган абалга жеткенине карабай, Жогорку Кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулган эмес. Бул жолу да депутаттар өз алдынчалык көрсөтө албай, тийиштүү милдетин аткаруудан баш тартып, добуш бербей качып коюшту.

Саясатчы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин бул чакырылышын такай туруктуу позицияда сындап келе жаткандардын бири. Ал НТС телеканалындагы маек учурунда экс-президенттин Бабановго байланыштуу айткан сөзүнө байланыштуу “эгерде парламент тиштүү болсо, заматта комиссияны түзүп туруп, укуктук, тарыхый жана инсандык баа бериши керек” деди. Анын айтымында, Бабановго каршы иш саясий негизде козголгон болсо, анда саясий иш козгогондорду жоопко тартыш керек. “Дагы бир жагы бар, эгерде Бабанов сүйлөшүү жолу менен өлкөдөн чыгып кеткен болсо, анда бул күрөштү токтоткону”, - деди Мадумаров.

Айтор, соңку 4 күндө Бабановдун тагдырына Атамбаев бүдөмүк болсо да жарык чачып, Жогорку Кеңеш анын тагдырын кайра туңгуюкка кептеди. Парламенттин бүгүнкү эрксиздиги бир жылдан бери саясаттан алыстап кеткен Бабановдун мындан кийинки позициясына түрткү береби же жокпу белгисиз. Эгерде бийлик тараптан жөндүү ишарат көрбөсө, анда ал бийликке каршы күчтөргө желек болуп берери турган иш...

Бүгүн Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окуудан өткөрдү. Добуш берүү учурунда мыйзам долбоорун 100 депутат колдоп, 2 эл өкүлү, тагыраагы, Асел Кодуранова менен Данияр Аттокуров каршы болду. Аталган эки депутат буга чейин, 17-майда экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча механизмди иштеп чыгуу сунушуна добуш берүүдө да каршы болушкан.

Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамына ылайык, экс-президент кол тийбестик укукка ээ. Аны мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган иш-аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Ошондой эле аны кармоого, камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө болбойт. Анын кол тийбестик укугу ал ээлеген турак-жайга, кызматтык бөлмөлөргө, транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Мына дал ушул беренени кол тийбестиктен ажыратуу механизмин иштеп чыгуу аркылуу жокко чыгаруу сунушталып жатат. “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев демилгелеп чыгышты.

Буга чейин ушул жылдын май айында, ЖЭБ чуусу парламентте каралган мезгилде Исхак Масалиев экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу мыйзамды иштеп чыгууну сунуштап, Жогорку Кеңеште колдоо тапкан. Мыйзам долбоорунун иштелип чыгышы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылууга барып такалары эч кимге деле табышмак болбой калган. Ага карабай, бүгүн баяндамачы Курманкул Зулушев мыйзам долбоору бир адамды куугунтуктоого багытталбаганын айтты. "Конституциялык палата кол тийбестик боюнча норма Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарды. Биздин максат - мыйзамды шайкеш келтирүү", - деди Зулушев.

Быйылкы жылдын октябрь айында Жогорку Соттун Конституциялык палатасы экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча юрист Нурбек Токтакуновдун сунушун жарым-жартылай канааттандырган. Токтакунов ушул жылдын апрель айында экс-президенттерден кол тийбестик укукту алып салуу сунушу менен Конституциялык палатага кайрылган. Юрист "экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам жарандардын тең укуктуулугун бузат" деп, экс-президенттердин укуктук иммунитетин биротоло алып салууну сунуштаган болчу. Өтүнүчтү караган палата кайрылууга негиз болгон "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин Баш мыйзамга каршы келет деп тапкан. Палата юристтин позициясы менен макул болуп, ошол эле учурда "экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун мыйзамга киргизиш керек, бирок бул жол-жоболор президентти кызматтан четтетүү тартибинен жеңил болбошу керек" деген бүтүмгө келген.

1-окууда жактырылган мыйзам долбоорунун 2-3-окууда кабыл алынышы да көпкө күттүрбөйт. А президент өзүнүн эртеңине түздөн-түз тиешеси боло турган бул мыйзам долбоорун өткөрөбү?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан