Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу ырчы Айчүрөк Иманалиева социалдык баракчасына жазды.
Ырчы айым кесиптешине көңүл айтып, "Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаеванын узакка созулган оорудан улам бул дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтабыз. Чыгармачылыктан табышкан жубайлар 40 жыл чогуу жашашты. Турусбек, кайгыңды тең бөлүшөбүз. Баарыбыз бул дүйнөдө конокпуз. Кайрат кыл", - деп жазды Иманалиева.
Зоя Токторбаева убагында театрдын жылдызы болуп, Бакен Кыдыкееванын "прима-актриса" деген баасына арзыган.
SUPER.KG порталы Турусбек Жумалиевдин аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтат.