Өлкөбүздүн белгилүү жөө күлүгү, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дарья Маслова турмушка чыкты. Кечээ, 13-декабрда 23 жаштагы спортчу өзүнүн социалдык баракчасына үлпөт тоюнан сүрөт киргизди.
Дарья Маслова сүрөттү эми киргизгени менен, үлпөт той ноябрь айында өткөнүн айтты.
"Үлпөт тоюбуз тууган, дос-тааныштардын коштоосунда 21-ноябрда өткөн. Жолдошум Александр Бакалов экөөбүз 4 жылдан ашуун кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнбүз. Бүгүн жолдошум экөөбүз бал айын өткөрүү үчүн Германияга учуп кетебиз", - деди Дарья Маслова.
Белгилүү болгондой, Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль жеңип алган. Ошондой эле жөө күлүк 2 жолку Азия чемпиону болуп, бир топ эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.
Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарынан жеңиш менен кайтып келгенден кийин "жигитим экөөбүз 4 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Колумду сураса "ооба" дейм" деп айткан.