Унаа ичинде жардам сурап кыйкырган аялга көңүл бурбай койгон инспекторлор жумуштан бошотулду

Унаа ичинде жардам сурап кыйкырган аялга көңүл бурбай койгон инспекторлордун окуясы боюнча кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Иликтөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 9 кызматкерине чара көрүлдү. Тактап айтканда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А.Б. менен милициянын сержанты И.Б. ээлеген кызматынан бошотулушту.

Андан сырткары башкармалыктын взводунун ага тескөөчүсү Н.А., взводдун командири Д.С., башкармалыктын батальонунун командиринин орун басары Ж.уулу.У., башкармалыктын башчысы Ш.Б. жана орун басары Т.Д. катуу сөгүш алды. Ал эми башкармалыктын штабынын тескөөчүсү К.И. сөгүш алды. Ошондой эле башкармалыктын батальонунун командири Р.К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Ушул жылдын 9-декабрында жергиликтүү телеканалдардын бири тарабынан тартылган видео интернетке жарыяланып кызуу талкууга алынган. Анда инспектор жолдон терезелери караңгылатылган унааны токтоткондо унаанын ичинен аялдын жардам сурап кыйкырганы угулган. Бирок инспектор ал аялга көңүл бурбастан, унаанын айдоочусу менен обочороок басып кетип сүйлөшүп келгенин көрүүгө болот. Бул окуядан кийин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кызматтык иликтөөнү баштаган.

Унаадан кыйкырып, жардам сураган айымга инспектор жардам бербей басып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Liliia
2018-12-14 10:27:36
Маичилер кызматтык унаасы жок башка машиналарды токтотууга акылуубу
+4
taalay25
2018-12-14 12:14:15
Liliia,акысы жок токтобой кете берсениз болот
-2
kochkor.siti
2018-12-14 19:05:33
taalay25,акылын ошого жеттиби тип
+2
taalay25
2018-12-15 00:04:54
kochkor.siti,сага ким койду мага акыл уйротконду
-2
zevs
2018-12-14 12:32:42
Азиатка да чара корулуш керек.
-1
taalay25
2018-12-14 12:35:23
zevs,сенин оюн боюнча азиат не кылышы керек?
-2
Kgda
2018-12-15 02:21:54
Ото жакшы болуптур жолдон мышык отсо да Азиатыны чакыра калчу эле Азиаты болсо Маичилердин туура эмес жасаган иштерин тарпай элдин туура эмес муноздорун эле тартып алчу, мунусунда чакырган оператору оздоруно муштум болуптур)) чакыргыла дагын аялы болсо эле тим коюш керек беле.
+1
zevs
2018-12-15 18:38:48
taalay25,jarandyk mildetin atkaryw kerek ele 102 ge chalyp.
+1
senchi
2018-12-14 12:38:04
Ошол кыздан интервью алгылачы
+2
senchi
2018-12-14 12:39:16
Кызматкерлер ошол унааны таап суракка алышсын
+2
33SUUN
2018-12-15 12:55:32
Саламатсыздарбы супер info! Согуш алгандардын аты жонун толук жазганга болбойбу?
0
tynara81
2018-12-15 17:44:39
Аял эмне болуптур, ким экен эле ал . Ошол боюнча маалымат жокпу ?
0
zevs
2018-12-15 18:40:24
Myna saga kyzmat. Orunbasarynyn orunbasary nachalnigi nachalniginin nachalnigi ne keregi uwuncha adamdi ubara kylyp baarynyn ustunon bir adamdy koyup koy owol jetet
+1
zevs
2018-12-15 18:41:25
Bir adamdy bawkaruu uchun uwuncha adam kyzmatta turat eken elestetkile
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан