Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкты. Анын максатын президент түшүндүрдү

2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул концепциянын негизги максаты - санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу.

"Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеңири колдонуу зарыл. Бул иш мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча, укук коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, банк системин, салык жана бажы тармактарын камтышы керек. Жалпы коомубуз ушул багытты колдогондо гана биз бул иштин ийгилигине жетебиз", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazake
2018-12-14 11:00:22
Абдан туура. Бишкекте жатып алып каалаган адам Торугартта канча унаа, канча тонна жүгү менен өтөп, мамлекетке канча бажы төлөмүн төгүп жатканын билиши керек. Сот чечимдерин каалаган адам интернеттен таап, аны мыйзам менен салыштырууга жол ачылса. Милиция кылмышкерди суракка алып жатканын көчөдө өтүп бараткан адам айнектин ичинде көрүп турса. Ошондо гана коррупция азайат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан