"Балдар мектепте окугусу келбей калды" деген пикирин бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдө 9-класстан кийин дээрлик 50 пайыз окуучулар мектептен кетишүүдө.
"Балдардын окууга болгон кызыгуусу жоголгондой сезилүүдө. Алар үчүн интернет идеологияга айланып баратат. Ошон үчүн балдарды интернет аркылуу окутуу, каада-салттар менен тааныштыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарга үйрөтүү жолдорун издөө зарыл", - деди Төрөбаев.