"Макмал" кенинде биргелешкен ишкана түзүү боюнча үч компаниядан арыз түштү

"Макмал" кенинде биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Мансон Групп", "Шынкыйюан Фрунзе" жана "Борбордук Азия металлком" компанияларынан арыз келип түштү. Бул тууралуу инвестор табуу боюнча бир ай мурун жарыяланган сынактын жыйынтыгында белгилүү болгонун "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, биргелешкен ишкана түзүү үчүн "Мансон Групп" 75 миллион доллар, "Шынкыйюан Фрунзе" 34 миллион доллар, "Борбордук Азия металлком" 69 миллион доллар сунуштады. Сынактын жеңүүчүсү мекемелер аралык комиссиясы тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде аныкталат.

Комиссия курамына Экономика министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Тоо өндүрүшү бирикмесинин, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Тогуз-Торо районундагы жергиликтүү бийликттердин жана "Кыргызалтын" ишканасынын өкүлдөрү кирген.

Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо критерийлери:
- “Макмал” алтын комбинатынын филиалы долбоор боюнча жергиликтүү элге максималдуу түрдө жумушчу орундарын берүү;
- Кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу;
- Кыска мөөнөттө жаңы алтын ылгоо фабрикасын ишке берүү жана мурунку алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо;
- Долбоорду каржылоо башка уюмдардан же банктан эмес, потенциалдуу инвестордун өзүнүн каражатынан болушу;
- Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондуна жыл сайын салымдын өлчөмү (биргелешкен коомдун дүң кирешесинен (түшкөн пайда) 1 пайыздан кем эмес болушу керек);
- Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү максатында тармактык эмес өндүрүштү уюштуруу (капиталдык салымдын суммасына жараша);
- Тоо-кен казып алуу тармагында иш тажрыйбасынын болушу, анын ичинен башка өлкөлөрдө дагы.

"Кыргызалтын" ишканасы сентябрда “Макмалда” алтындын кору түгөнгөнүн айтып, алтын ылгоо фабрикасы өз ишин токтотконун жарыялаган. Бирок жыл аягына чейин кен чыккан жерди изилдөө, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү үчүн сынак жарыялоону пландаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2018-12-14 21:36:27
Арам кытайдын кереги жок! Ансыз да кутула албай жатабыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан